• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

31-июлга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 32…37°, Талас өрөөнүндө 29…34°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 34…39°, Ысык-Көл ойдуңунда 25…30°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 25…30°, тоолуу райондордо 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий