• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кечээ, 30-июлда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

"Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында дагы очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий