• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ЖОЖдорго I турда 14 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга I турда 14 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, I турда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн.

Ага ылайык, I турдун жыйынтыгы менен 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.

Төмөндө эң көп абитуриенттер өткөн ЖОЖдордун тизмеси:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2462,
2. Ош мамлекеттик университети – 2019,
3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1799,
4. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1116,
5. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 945,
6. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 920,
7. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 614,
8. “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 582,
9. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 388,
10. М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 280.

Ал эми бүгүн, 22-июлда абитуриенттерди тандоонун 2-туру башталды. Арыздарды кабыл алуу 24-июль күнү саат 14:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий