Жукеев-Пудовкин көчөсүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жана Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки эки участоктогу жылуулук тармактарын басым менен сыноого даярдык иштери жүрүп жатат. Калган башка участоктордо түтүктөрдү орнотуу жана изоляциялоо иштери уланууда.

Эске сала кетсек, жеринде үч подряддык уюм эки нөөмөт менен иштеп жатат. Бардык иштер графикке ылайык жүрүүдө.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жолго чыгуунун алдында каттамдарды пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий