• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жумабеков менен Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин жолугушту.

Жолугушууда кыргыз делегациясын жылуу кабыл алган Вячеслав Володин Дастанбек Жумабеков менен үчүнчү жолу кезигип жатканын белгилеп кетти. Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков эки өлкөнүн парламенттери тыгыз кызматташып жатканын айтып: "Кыргыз-орус алакасын басып өткөн тарыхый жол байланыштырып турат. Байыртадан калыптанган бекем тарыхый кызматташтык жана өз ара сый мамиле эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш болуусуна өбөлгө болуп келет. Бүгүнкү кызматташтык деңгээл эки мамлекеттин ортосундагы негиздүү делинген маселелерди кыйынчылыксыз чечүүгө шарт түзүүдө. Алсак, кыргыз жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн Россия Федерациясынын аймагында колдонууда сиз тарабынан көрсөтүлгөн көмөк Кыргызстанда жылуу кабыл алынууда", -деп кошумчалады.

Ошондой эле Дастанбек Жумабеков эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарга токтолуп, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында аткарылып жаткан иштерди айтып өттү.

"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү жакшы көрсөткүч менен динамикалуу өсүп жатат. Бүгүнкү күндө товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 2 миллиард долларга жетти. Кыргызстандын ЕАЭБке мүчө болуусу мындан ары да экономикабыздын өсүшүнө жана республикабызга инвестиция тартууга жакшы өбөлгө болот", -деп белгиледи Дастанбек Жумабеков. Муну менен катар Төрага Россия аймагында эмгектенип жаткан мигранттардын маселесин ортого салып, аларга берилүүчү жеңилдиктер, иш берүүчүлөр тарабынан түзүлчү эмгек келишимдери, жарандарды каттоону мыйзамдык жолго салуу көйгөйлөрүн көтөрдү. Буга жооп катары Вячеслав Володин көтөрүлгөн маселелер боюнча Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кеӊири талкуулай турганын билдирди.

"Кыргызстандагы орус тилине болгон мамиле бизди абдан кубандырат. Расмий тил катары кабыл алып, макамын сактап калганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Ал эми коопсуздук жаатында эки мамлекеттин парламенттери тыгыз кызматташып келет. Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунда биздин парламенттердин тармактык комитеттеринин орду чоң. Ага ылайык, кыргыз-орус алакасын мындан ары да арттыра беребиз деген ойдомун",- деди Төрага Вячеслав Володин.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар билим берүү, аскердик-техникалык кызматташтык жана маданий-гуманитардык байланыштарды талкуулашты.

Эске салсак Төрага Дастанбек Жумабеков башында турган делегация Россия Федерациясында расмий иш сапар менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий