• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ЖК төрагасынын фондунан Кара-Балтадагы бала бакчанын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга каражат тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Нур бешик” бала бакчасынын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бала бакча жетекчиси Гүлнара Мамырбаева “Экономика жана укук техникуму” аттуу жеке менчик окуу жайы ээлеп турган бала бакча имараты 2013-жылы кайра өз максатына кайтарылгандыгын, бүгүнкү күндө бала бакчада 11 топтон турган 330 бала тарбияланып жатканын маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков наристелерге тарбия берип жаткан бала бакча кызматкерлери менен баарлашып, алардын бир катар суроолорун канаатандырды. Ошону менен катар келечек муундун татыктуу тарбия алуусуна бар күч-аракетин жумшап жаткан тарбиячылардын ишине чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан бала бакчанын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга 100 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Эске салсак, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жана өз багытында колдонулбаган бала бакчаларды өз максатына кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде 200дөн ашуун бала бакча кайтарылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Жумушчу сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Кожобек Рыспаев, Элвира Сурабалдиева жана Бактыбек Райымкулов, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий