• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жумагулов: Театр, сүрөт, адабият аркылуу элибиздин маданий деңгээлин жакшыртабыз

Маданият 0

Бишкек, 22.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов чыгармачыл союздун жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, өлкөнүн маданият тармагын көтөрүүдө тыгыз кызматташууну сунуштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

“Театр, сүрөт, адабият аркылуу элибиздин маданий деңгээлин кантип жакшыртабыз, жаштардын жүрүм-турумун кантип өзгөртөбүз? Аш-тойлордо, сөөк узатууда акылга сыйбаган салттар пайда болду. Буларды кантип тыябыз? Мына ушул суроолордун үстүндө чогуу иштесек, биргелешкен долбоорлорду биргеликте ишке ашырсак”,-деп билдирди министри өз сөзүндө деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга катышкандар министр Султан Жумагуловдун сунушун бир добуштан колдоого алып, министрликтин алдында чыгармачыл союздардын башын кошкон Кеңеш түзүүнү жана бүгүнкүдөй талкууну квартал сайын өткөрүп турууну сунуштады.

Маалыматка ылайык, жыйынга жазуучулар, журналисттер, композиторлор, сүрөтчүлөр жана кино ишмерлеринин чыгармачыл союздары катышты.

Пикир

Оставить комментарий