• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жумаш Содомбаев "Кыргызавтожол" ишканасынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Содомбаев Жумаш Асанович Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июндагы тескемесине ылайык дайындалды.

Жаңы директор буга чейин аталган "Кыргызавтожол" ишканасында директордун биринчи орун басары, ага чейин Транспорт министрлигинин "Жол чарба" департаментинин директору, ошондой эле директордун орун басары болуп эмгектенген. Ал жалпысынан жол тармагында 44 жыл тажрыйбасы бар эксперт, иш билги кадр катары белгилүү.

Жумаш Содомбаев КРнын эмгек сиңирген курулушчусу, Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, ошондой эле КРнын Жогорку Кеңеши менен өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий