• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөк оңдолот

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү текшерди.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, башчы өтмөктүн санитардык абалын текшерип, автобекеттин жанындагы суу лотокторунун курулушу менен таанышып, бекеттин жетекчилиги менен да сүйлөштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык кызматтарга брусчатка төшөө, жөө өтмөктө күндүзгү жарыкты туташтыруу, ошондой эле тепкичтерин жана дубалдарын жууп-тазалоо тапшырылды.

Мындан тышкары, чыгыш автобекетине жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын күн сайын көзөмөлгө алып, ирригациялык түтүктөрдү курууну тездетүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий