Жумасына бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып жатабыз – дарыгер-хирург менен болгон маек

Маек 0

Кыргызстанда жыл башынан бери бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасала баштады. Операцияга мамлекет бир бейтапка 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт. 1-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2500дөй бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеансы үчүн 6,5 миң сомдон же бир жылда 14-15 миң доллар бөлөт. Жалпы жонунан бул процедураларга 3 млрд сомго жакын каражат коротулат. Боор алмаштыруу операциясынын акысы башка чет мамлекеттерде 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин экендиги айтылып келет.

Бул ирет “Кабар” агенттиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы дарыгер-хирург Мирбек Байзаковду кепке тартып, бөйрөк алмаштыруу боюнча жасалып жаткан иштер туурасында маектештик.

— Саламатсызбы Мирбек Турсунбекович, бөйрөк алмаштыруу операциясы биринчи жолу канчанчы жылы жасалган? Ал убакта бейтаптар операцияга кеткен чыгымды өз чөнтөктөрүнөн төлөшчү беле?

Бөйрөк алмаштыруу Кыргызстанда биринчи жолу 2012-жылы Улуттук кан тамыр жана жүрөк хирургия борборунда жасалган. Бир жума айырмасы менен кийинки операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Беларустан келген дарыгерлердин көмөгү менен ишке ашкан. Андан кийин 2016-жылга чейин беларустук дарыгерлердин күчү менен 16дай операция болгон. 2018-жылдан тарта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери операцияларды өздөрү жасап баштаган. Анда бөйрөк алмаштыруу операциясы 7200 АКШ долларын түзчү. Бул сумма операцияга кете турган чыгымдардын негизинде эсептелип чыгып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген. 2024-жылдан тарта президент Садыр Жапаровдун жана Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен мамлекеттин эсебинен жасала баштады.

— Муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасоо тапшырылгандан бери канча операция жасалды?

Жыл башынан тартып ушул күнгө чейин 11 бейтапка операция жасалды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2500дөй бейтап гемодиализ алып жатат. Алардын баары операцияга муктаж. Бейтаптардын бөйрөгү иштебей калган учурлардын себептери көп. Кээ бир тукум кууган оорулар, генетикалык оорулар, трансплантациялоо кылгандан кийин жаңы бөйрөккө да кайра кайтып келген оорулар бар. Кант диабетинин айынан бөйрөктүн иштешине терс таасирин тийгизет. Бөйрөк иштебей калган учурда дүйнө жүзүндө эки гана жол бар: биринчиси, гемодиализ, экинчиси бөйрөк алмаштыруу. Бөйрөк алмаштырганга бардык жарандардын мүмкүнчүлүгү жок. Бул жерде каражат маселеси гана эмес, көп кишилерде донор табуу көйгөйү да курч. Биздин мыйзамдарга ылайык, 18 жаштан ашкан ден соолугу таза кандаш бир туугандары гана донор боло алат. Азыр өлкөдө генетикалык лаборатория иштебей турат. Мындан улам биз жарандарды чет өлкөгө жибергенге мажбур болуп турабыз. Жакын арада иштейт деп жатышат. Биз ошол күндү күтүүдөбүз. Эгер лаборатория иштеп баштай турган болсо, анда биз операцияга чейинки бүт даярдыктарды Кыргызстанда эле көрөбүз.

— Азыр бөйрөк алмаштырам деп кезекке тургандар барбы? Алар белгилүү бир шарттар менен тандап алынабы?

Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин өзүнчө реестри бар. Ал жакка кезекке турса болот. Бирок тизмеге биринчи болуп туруп деле, донору жок болсо, андан кийинки киши күтпөш керек да. Ким даяр болсо операцияга алына берет. Кезекке туруп коюп деле, операцияны ар кандай себептер менен жасатпай калгандар бар. 15-кезекте болуп эле тез-тезден даярданып, донорун даярдаса ал киши операцияга кете берет. Сиздин кезегиңиз келе элек деп, эч кимди артка жылдыра албайбыз. Бир маалда эле 5-6 киши даярдалып калган учурлар болду. Жумасына бирден операция жасала тургандыктан, катары менен акырындан аларга операция кылынды.

— Быйыл бөйрөгүн алмаштырган бейтаптардын жаш курагы кандай? Алардын абалы тууралуу айтсаңыз

Он бир бейтаптын бардыгы 18 жаштан жогору курактагылар. Аларга атасы, иниси, эжеси донор болду. Өткөн жумада бир бейтап үйүнө чыгып кетти, баласы энесине бөйрөгүн берди. Кандай гана операция болбосун кепилдик берилбейт. Ар бир операциядан кийин бейтаптын ден соолугу начарлашы мүмкүн. Операциядан соң 10 күндөй бөлүмдө жатышат. Кээ бир учурда абалы начарлагандар бир айга чейин жатып калат. Биз канча күн болбосун ахыбалы жакшырган учурга чейин дарылап, анан үйүнө кетиребиз. Быйыл операция кылынгандардын арасында 11 жылдан бери гемодиализде жүргөндөрү бар экен. Үч-беш жылдан ашык гемодиализ алгандар да операция болду. Ошол 11 бейтаптын бирөөсүнүн жаңы салынган бөйрөгү иштебей жатат. Мындай учурлар болот, болбой койбойт, дүйнөнүн кайсы мекемесинде болбосун трансплантациянын бардыгы, 100 пайыз ийгиликтүү болбойт жана мүмкүн эмес.

— 13-июнда бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги операция жасалыптыр. Ал бейтаптын абалы жакшыбы?

Ал бейтап 6 айдан бери гемодиализ алып жүрүптүр. Операциядан кийин абалы туруктуу деп бааланууда. Азыр медициналык көрсөткүчтөрү нормага келип калды. 24 жаштагы бул бейтапка эжеси донор болду. Экөөнүн тең абалы жакшы, өз алдынча басып жатышат. Бул жумада дагы пландалган операция турат. Шейшемби күнү кабыл алсак, бейшембиде операция кылабыз. Үч бейтабыбыз толугу менен операцияга даяр.

— Бүгүнкү күнү трансплантациялоо иштеринде сиздерге кандайдыр бир жардам керекпи?

Азыр колдонулуп жаткан кээ бир жабдыктарды жаңыртсак. Мисалы, биз донорду ачык алып жатабыз да, эгер башка жабдуулар келсе лапароскопиялык жол менен операция кылганга даярдык көрөт элек. Себеп дегенде, лапароскопиялык жол дүйнө жүзүндө хирургиялык кийлигишүүнүн аз травматикалык ыкмасы болуп саналат.

— Балдар арасында бөйрөк алмаштырууга муктаж учурлар барбы? Операция балдарга Кыргызстанда кылындыбы?

Операция кылыныш керек болгон учурлар бар. Бирок балдардын көбү чет өлкөгө чыгып кетип жатышат. Башка мамлекетте акча төлөнүп жасалат да, соцтармактардан көрүп жатпайбызбы кайрымдуулук иштеринен балдарга акча бат чогулгандыктан, сыртка кетип жатышат деп ойлойм.

— Чет мамлекеттерде бөйрөк алмаштыруу операциясына канча акча каражаты сарпталат?

Ар бир мамлекетте ар башка баалар коюлган болушу керек. Орточо эсеп менен 15-20 миң долларга жетет деп айтышат. Индияда бир аз арзанырак, Түркияда кымбатырак, Россияда башка баа дешет. Ар бир мамлекетте чет өлкөлүк жарандар үчүн өзүнүн коюлган баасы бар да. Мисалы, алар өздөрүнүн жарандарын биздегидей эле бекер операция кылышат.

— Гемодиализ менен трансплантациялоо адам өмүрүн узартып, жашоо мүмкүнчүлүгүн түзө алабы?

Гемодиализ адамдын өмүрүн жылдап узартат. 11 жылдай гемодиализ алып, эми донор табып, операция кылдыргандар да бар. Ал эми трансплантациялоого келсек, бөйрөгү алмаштырылган бейтаптын жашоо сапаты жакшы жакка кескин өзгөрөт. Гемодиализ алган адам айына 12 жолу, ошондо жумасына үч ирет гемодиализге барат. Процедураны алыш үчүн 4-5 саат аппаратта жатат. Толук кандуу иштей да албайт. Анткени убактысы жок. Трансплантациялоо болгондон кийин дарысын өз маалында ичип коюп, иштегенге, эс алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт, мында адам өз убактысына өзү ээлик кылат.

— Жарандардын бөйрөк ооруларына чалдыкпашы үчүн кеп-кеңешиңизди айта кетсеңиз

Бөйрөк ооруларынын пайда болуусунун себептери көп. Мен жогоруда айта кеттим. Инфекциялык оорулар менен ооругандар көп катталууда. Адамдар суук тийгизип алса, көңүл бурбай жүрө берип жатпайбы? Же көбү билбей, этибарга албайт. Бөйрөк бир күндө эле “отуруп” калбайт, бул жылдап келип билинбей анан кеч болуп калып жатат. Адамдар маалында дарыгерге кайрылып, текшерилип, дарылануусу керек. 1-2 жыл жакшылап дарылануу курсун алышса, кайра оорубайт. Эгер кайра ооруп кала турган болсо, нефрологдор жылдап аларды гемодиализге “отургузбай” дарылоого аракет жасашат. Ошондуктан ар бир адам бир гана бөйрөккө эле эмес, өзүнүн ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу зарыл. Адамдар кээде кош көңүл мамиле кылгандыктан, ооруну дарылоого кеч болуп калат.

Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий