• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жумгал районунда 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында 120 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу имарат, откана, сырткы ажатканасы жана оюн аянтчасы каралган.

Бала бакчанын жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери "Курулуш компания Бакай" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий