• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жумгал районунда 225 орундуу мектептин курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2016-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 60 пайызга бүткөрүлдү.

Эски мектеп 1964-жылы ашар жолу менен салынган, экинчи корпусу 1984-жылы "фин" тибинде курулуп, сырты жарым кирпич менен капталган. Бул жылдар аралыгында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, авариялык абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий