Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр жарыгы киргизилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.09.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр жарыгы киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 млн 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы сатып алынып, жерине жеткирилип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда. Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болоору кутүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кең-Суу айылында электр жарыгы болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий