• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жумгал районунун тургунунун үйүнөн 5 ок атуучу курал 13 огу менен табылды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Жумгал районунун Жумгал районунун тургунунун үйүнөн 5 ок атуучу курал 13 огу менен табылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда райондун аймагында "Арсенал" аталыштагы операциясы өткөн. Анын алкагында Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү айыл тургандарына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал району тургуну 1947-жылы туулган К.М. аттуу жарандын үйүнөн 2 сайлуу, 3 сайсыз ок атуучу куралдар, ок атуучу куралдын 13 огун мыйзамсыз сактап жүргөн жана 4 капкан табылган.

Бул факт боюнча Жумгал РИИБү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

\

Пикир

Оставить комментарий