• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Лейлекте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Лейлек районунда балдар иштери менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо багытында лекцияларды окуп, мыйзамдагы көрсөтүлгөн беренелердин жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, медицина кызматкерлери жаш өспүрүмдүн ден соолугуна тамеки, насвай, энергетикалык суусундуктардын өмүргө кандай коркунуч алып келерин түшүндүрүп айтып беришти.

Лейлек РИИБнин башчысынын демилгеси менен айрым мектептерде жаштарды терс көрүнүштөн арылтып, сергек жашоо тартуулаш үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жеңген командаларга Лейлек РИИБнин сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий