• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ат-Башы айылында уюшулган күндүзү жана түнкү стационарга дары-дармектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Ат-Башы айылында уюшулган күндүзү жана түнкү стационарга дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Аты-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы айылындагы ыктыярчылар тобунун жетекчиси Гүлнура Султангазиеванын демилгеси, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Ат-Башы айылындагы А.Керимбаев атындагы орто мектебинде уюшулган күндүзгү жана түнкү стационарга жалпы 80 миң сом каражатка 1 кычкылтек концентратору жана дары-дармектер берилди.

“Эли үчүн кайдыгер карабаган демөөрчүлөрүбүзгө бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий