Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн кайра таң эрте башталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөөнү координациялоо максатында ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 22 адам чыкты. Ошондой эле 1 дрон, 4 рация, 2 дүрбү жана 1 куткаруу унаасы тартылды.
Издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 16-октябрдан тартып Жумгалдын Өрнөк айылынын тургуну уулу менен мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери 19-октябрдан бери үзгүлтүксүз уланып жатат.
Пикир
Оставить комментарий