• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жумгалдагы сел. Үйлөрүн камсыздандыргандарга 1,1 млн сом берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Жумгал районунда үйлөрүн камсыздандыруудан өткөргөндөргө 1,1 млн сом берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгу жылы 13-июлда катуу жаандан улам сел жүрүп, Чаек жана Беш-Терек айылдарындагы 100дөн ашык турак-жай жабыркаган. Анын ичинен камсыздандырылган 10 жеке турак-жайга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 1 млн 164,3 миң сом каражат берилди.

Каржыланган каражаттын күбөлүктөрүн кечээ, 23-августта президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Жумгал районунун акими А.Набиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директору А.Алымкановдор тапшырышты.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директору Арстанбек Алымканов билдиргендей, быйыл жыл башынан бери облустун аймагындагы 13 турак-жайга 1 млн 242,3 миң сом каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий