• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөчө абал: Сузак районунун аймагында рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Кечээ, 28-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын чечими менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл активдери жана ыктыярчы элдик кошуундар менен биргеликте Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу комендатуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Рейддин алкагында коомдук жайларда негизсиз топтолуп тургандар, көчөлөрдө калктын санынын аздыгынан өз алдынча эркин түрдө автоунааларын каалагандай коюп алган – 60тан ашуун жаран аныкталып РИИБге жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган жана тиешелүү документтери жок – 33 автоунаа аныкталып, алардын ичинене – 28 унаа айып короолорго жеткирилип, унаа ээлерине айыптар салынды.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта коронавирус илдетинин жайылуусун азайтуу жана токтотуу максатындагы алдын алуу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жогорку деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүү калкка үн жогорулатуучу аппараттардын жардамы менен тиешелүү маалыматтар берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сузак айылындагы дүкөндөрдө күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр кенен, тартышсыз жана элге жеткиликтүү түрдө сатылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий