• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жумушчу оңдогон батирдин эшиктерин уурдап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, 16-май күнү батирдин оңдоо иштерин жасайм деп жумушка орношуп, жумушун бүткөндөн кийин үй ээсинин 60 миң сомго бааланган төрт бөлмө эшиктерин уурдап кеткен кишини кармашты.

ШИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, орган кызматкерлеринин ыкчам-издөө чараларынын негизинде, аталган кылмышка шектүүнү кармашты. Ал Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы Т.Р. болуп чыкты.

Фактынын негизинде КРнын КК 164- беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөөдө белгилүү болгондой, кармалган Т.Р окуя болгонго чейин жардамчы болуп ишке орношкон. Андан тышкары борбордогу базарлардын биринен далил буюму катары эшиктер алынган. Алар өз ээлерине кайрылып берилди. Ал эми шектүүнү камакка алуу иштери көрүлүп №1 СИЗОго камалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий