Бишкек мэри: Быйыл салыктык эмес кирешелерди 50%га көбөйтүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 21.06.24. / Кабар/. Быйыл салыктык эмес кирешелерди 50% га көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Калаа башчысы белгилегендей, Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Ушуга байланыштуу бул жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлду.

“Биз бул милдетти реалдуу деп эсептейбиз. Салыктык эмес кирешелер боюнча чоң потенциал бар экенин көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Мисал катары кээ бир фактыларды келтире кетейин. Мурда кичи базардын иштеши үчүн пайдаланылган муниципалдык участоктордун бири, болгону 431 миң сомго ижарага берилген, атайын комиссия барып, аз төлөм жүргүзүлүп жаткандыгын аныктап, ижара акысы 1,3 млн сомго чейин көтөрүлдү. Дагы бир мисал, соода күркөлөр үчүн пайдаланылган участок мурда жергиликтүү бюджетке болгону 24 миң сом ижара кирешесин алып келген, жүргүзүлгөн иштерден кийин ижара акысы 1 млн сомго чейин көтөрүлдү. Мындай мисалдар көп”, - деди Жунушалиев.

Муниципалитеттин башчысы кошумчалагандай, Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча коюлган милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу боюнча жигердүү иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий