• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жыл аягына чейин 11 чек ара объектилерин куруу жана оңдоо иштери бүткөрүлөт - Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Жыл аягына чейин 11 чек ара объектилерин куруу жана оңдоо иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (Мамкурулуш) билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча 24 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо жумуштары киргизилген. Алар – Баткен областы боюнча - 20, Жалал-Абад облусу боюнча - 3 жана Ысык-Көл облусу боюнча - 1 объект.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 социалдык объекттилери бүткөрүлгөн:
• Баткен районунун Кыш-Туу айыл аймагынын Сай айылында ФАПтын курулушу;
• Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук айылында кубаттуулугу 10-04 кВт электр өткөрүү чубалгыларын төшөө жана трансформатор орнотуусу;
• Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын, Борбордук жана Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу "Арка" суу түтүк тармагынын негизги курулуш иштерин реконструкциялоосу.

Ал эми 2020-жылдын планы боюнча жыл аягына чейин 11 социалдык объектинин курулуш-оңдоо иштерин бүткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күнгө карата Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Жоошук айылында М.Юсупов атындагы мектептин капиталдык ремонт иштери бүткөрүлдү. Учурда 10 объект боюнча курулуш-оңдоо иштери план боюнча жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий