• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жыл аягына чейин дагы 3 МТС ачуу пландалууда – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл аягына чейин 3 машина-трактордук станция ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жалпысынан 27 МТС уюштурулган. Ошентип, учурда республика боюнча МТСтердин саны 169га жетти.

Анын ичинен 59у муниципалдык, 110у жеке менчик ишканасы болуп эсептелет. Алардын карамагында 3 700гө жакын айыл чарба техникалары бар. Алсак:

  • Нарында – 27;
  • Ысык-Көлдө – 31;
  • Ошто – 16;
  • Баткенде – 10;
  • Чүйдө – 38;
  • Таласта – 22;
  • Жалал-Абадда – 25.

Белгилей кетсек, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү МТС уюштуруу демилгеси айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина- трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий