Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Жыл башынан бери 35 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып 29-июнга чейин жалпы республикада боюнча 30 сууга чөгүү кырсыгы катталган.
Белгилей кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Талас облусунда 2 өспүрүм бала суу сактагычка, дагы эки өспүрүм кыз каналга, кечээ Ысык-Көл облусунда 14 жана 19 жаштагы эки бала көлгө чөгүп каза болушту.
Пикир
Оставить комментарий