• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жыл башынан бери Чүй облусунда 55 соцобъект курулуп, пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Чүй облусунда 55 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы маалда 11 объектте курулуш иштери активдүү жүрүүдө, ал эми 7 объект аяктоо стадиясында турат, жалпы 73.

Анын ичинен 17 объект республикалык бюджеттен, 12си жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 44 объект кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Анын ичинде 15 мектеп имараты, 7 бала бакча, 21 спорт объектиси, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, 5 социалдык шаарча, 2 реабилитациялык борбор жана 10 суу түтүктөрү менен суу мунаралары.

Пикир

Оставить комментарий