• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде Mazda Demio унаасы өрттөндү

Кырсык 0


Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Түркия элчилигинин имаратынын жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Рулду 27 жаштагы Б.К. аттуу жаран башкарып бараткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, айдоочу унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтотууга аргасыз болгон. Андан соң унаадан өрт чыккан.

"Бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок", - деп айтышты ИИМден.

Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр унаадан чыккан жалынды толугу менен өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.

Учурда жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий