Жыл башынан бери дээрлик 3 млрд сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Быйылкы жылы 2,9 млрд сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 250 трактор, 15 комбайн, 4 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 90 айыл чарба машиналары, 449 атайын жана 2 унаа каражаттары берилген.

Ал эми долбоор башталган 2011-жылдан бери жалпы 12,2 млрд сомго 5562 даана айыл чарба техникасы берилген. Анын ичинен:

- тракторлор – 3129 даана, суммасы 4,9 млрд сом;
- комбайндар – 224 даана, суммасы 1,3 млрд сом;
- кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 25 даана, суммасы 300 млн сом;
- айыл чарба машиналары (соко, культиватор, сеялка ж.б.) – 936 даана, суммасы 800 млн сом;
- атайын техника (спецтехника) – 1216 даана, суммасы 4,7 млрд сом;
- унаа каражаттары (автомашина) – 22 даана, суммасы 700 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий