• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Матраимов мамлекетке 1 млрд 223 млн сом төктү

Экономика 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 1 млрд 223 млн сом төктү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы эсепке 1 млрд 353 млн сом түштү, анткени Матраимовдон башка да которуулар болгон.

«Бул каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө болуп, аталган акчанын эсебине чыгымдар, анын ичинде социалдык төлөмдөр төлөнөт», - деп маалымдады Кармышаков.

Пикир

Оставить комментарий