• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жыл башынан бери дыйкандарга 659 техника лизингге берилди – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкандарга жеңилдетилген шартта 659 айыл чарба техникасы лизингге берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, лизингге берилген айыл чарба техникаларынын жалпы баасы 2,5 млрд сомду түзгөн.

Аталган лизингдик долбоордун алкагында республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларынын бардык түрү жана жабдуулары, сугат машиналары жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу жабдуулары жеңилдетилген шартта 10 жылдык мөөнөткө жылдык 6%дык чен менен берилет.

Белгилей кетсек, дыйкандарга жеңилдетилген шартта айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча долбоор 2011-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун негизги максаты айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу, машина-трактордук станцияларды кайра куралдандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий