• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жыл башынан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 4 долбоорго кол койду

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 4 инвестициялык долбоорго кол койду. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвестицияларды тартуу жана регионалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамирбек Бикулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 4 инвестициялык долбоор Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында ишке ашырылмакчы.

“27-майда Ысык-Көл облусунда “Каркыра” тоолуу комплексинин долбоору боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган. 29-мартта Калдыктарды утилизациялоо менен электр энергиясын өндүрүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бул долбоор Бишкек шаарынын аймагында ишке ашат. 2-июлда болсо, Кара-Балтадагы “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводун капиталдык ремонттон өткөрүү жана модернизациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Инвестициянын жалпы суммасы 160 млн АКШ долларын түзөт. Ошондой эле 16-июлда текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол коюлган. Фабрика Кара-Балта шаарына салынат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий