• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жыл башынан бери Корея жана Британияга иштөө үчүн 3 миң кыргызстандык жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Кыргызстан жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик менен иш алып барууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында жыл башынан бери Түштүк Корея жана Британияга иштөө үчүн 3 миң кыргызстандык жөнөтүлдү.

"Эгер 2021-жылы Кореяга 750 квота болсо, 2022-жылдын башынан бери 1,8 миңге көбөйдү. Азыркы учурда Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча борбор менен биргеликте кыргызстандыктарды Япония жана Финляндияга ишке орноштуруу боюнча иштер жүрүүдө", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий