• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миң өрт катталып, андан 24 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айында Кыргызстандын аймагында 1 миң 501 өрт катталып, алардын кесепетинен 24 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык жана түзүмдүк башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда өткөн коллегиялык отурумда айтылды.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон келтирилген материалдык чыгым 370 млн 64 миң сомду түзгөн. 2020-жылга салыштырганда өрттүн саны 40,4% пайызга көбөйүп, кырсыктын кесепетинен улам каза болгон адамдардын саны жана материалдык чыгым да жогорулаган.

"Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, 45% турак жай секторунда катталган", - деди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.

Коллегиянын жүрүшүндө аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын жүрүшүндөгү министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам иш аракеттерди уюштуруудагы, жалпы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр айтылып, тиешелүү тараптарга ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев тарабынанэскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий