• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жыл башынан бери Кыргызстанда кургак учук 916 адамдан, ВИЧ 215 адамдан аныкталган

Ден соолук 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын январь-март айларында кургак учук жана ВИЧ менен ооругандар азайган.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, жыл жаңыргандан бери кургак учуктун 961 жаңы учуру катталып 21,5%га азайган, 2020-жылы 1212 учур катталган. Эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (21,6) жана Ош шаарында (15,1) белгиленген.

Ошондой эле ВИЧ-инфекциясынын 215 (3,3) учуру катталып, 15,4%га азайган, 2020-жылы 253 (3,9) учур катталган. Оору боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (4,0) жана Бишкек шаарында (9,7) белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий