• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Жыл башынан бери Кыргызстандын 66 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды

Экономика 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандын 66 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, биримдикте Кыргызстандын жалпы 420 ишканасы катталды. Анын ичинде:

  • сүт азыктарын өндүрүү – 44;
  • бал өндүрүү жана сатуу – 68;
  • балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
  • эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • мал союучу ишканалар – 11;
  • тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10;
  • жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 166;
  • жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
  • ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Ошондой эле Кытайдын реестринде- 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестринде – 45 ишкана (18 сүт азыктары, 9 эт азыктары, 10 аарычылык, 8 балык азыктары) жана Түркиянын реестринде – 12 ишкана кирген.

Пикир

Оставить комментарий