• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жыл башынан бери өлкөдө 1,7 млн тонна сүт өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-ноябрь айында республикада 1 млн 692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери өндүрүлгөн сүттүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38 миң 208 тоннага же 2,4 пайызга көп экенин көрсөттү.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшүнө саан уйлардын саны былтыркы жылга караганда 16,5 миң башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы оң таасирин тийгизген.

Пикир

Оставить комментарий