• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жыл башынан бери “Түндүк” порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 2 млн онлайн кызмат көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери “Түндүк” порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 2 миллиондон ашык онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 165 кызмат жеткиликтүү. Жарандарга Кыргызстандын аймагында юридикалык күчкө ээ болгон 9 санариптик документтердин түрү бар:
- ID-карта (паспорт);
- Айдоочулук күбөлүк;
- Транспорт каражатын каттоо, туулгандыгы тууралуу, никелешүү жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр;
- Пенсиялык күбөлүк;
- Индивидуалдык жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Жалпы орто билим жөнүндө аттестат / Негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк.

Ошондой эле Кутнаева белгилегендей, портал аркылуу туулгандыгы, каза болгондугу, транспорт каражаттарын кайра каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу боюнча онлайн кызматтар көрсөтүлөт.

Андан тышкары, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта http://ereg.e-gov.kg/ чет элдик жарандарды каттоо үчүн атайын сайт иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий