• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жана өзүмдүн атымдан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

2020-жыл – региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Аталган жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы максаты катары, региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарга комплекстүү колдоо көрсөтүү аныкталган. Өлкө башчыбыздын региондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көйгөйлөрүнө карата олуттуу көңүл бөлгөндүктөн, региондорду жана жергиликтүү башкаруу системасын өнүктүрүү-мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп белгиленген.

Ошол эле учурда муниципалдык кызматкерлердин мойнуна чоң жоопкерчилик жүктөлгөн - региондорду жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган улуттук долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашыруу менен бирге жергиликтүү калк менен иштөөсү чоң мааниге ээ. Сиздердин шаар жана айылдардын жашоосуна кошкон салымыңыздардын артынан көптөгөн жетишкендиктер болорун, жергиликтүү денгээлдеги ишмердүүлүгүңүздөр, ар бир үй-бүлө, көчө, айыл жана шаар жашоосуна, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасынын саясатына таасирин тийгизери баарыбызга маалым.

Айтылып кеткен кыйынчылыктарга карабастан, Сиздер кесипкөйлүк жана талыкпаган эмгек менен мамлекетке ак кызмат өтөп келесиздер. Өлкө кыйын күнгө туш болгон учурда, өзгөчө абал киргизилген мезгилде сиздер COVID-19 илдети менен күрөшүүдө, элди азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыздоого, жашоо шарты оор абалда болгон жарандарга ден соолугуңуздарды аябай, атуулдук милдетти аткаруу менен бирге болгон аракетиңиздерди көрдүңүздөр.

Андыктан, шаар мэрлерине, айыл өкмөт башчыларына, жергиликтүү кеңештерге жана бардык муниципалдык кызматкерлерге элибизге ак дилден кызмат өтөгөндөрүңүздөр үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий