• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жыл башынан бери тышкы сооданын көлөмү 8,4 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. 9 айда тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түзүп, 8,4%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экспорт 28,2%га өсүп, 2,8 млрд долларды түздү, ал эми импорт 3,7% өсүү темпи менен 9,3 млрд долларга жетти.

"Улуттук банк жана Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин төмөндөп, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 4,2%ды түздү", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий