• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 22 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 22 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алынган жерлердин жалпы суммасы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түзгөн.

Учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания КР жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат. Бул чаралар президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашырууга багытталган.

Курулуп жаткан турак-жай комплекстери жалпы аянты 424 миң 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, комплекстердин аймагында жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура, анын ичинде балдар жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) каралган.

Ошондой эле бул жер тилкелерине башка социалдык объектилерди, атап айтканда университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий