• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жыл башынан тарта Соцфонддун кирешеси 58 млрд 177 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан тарта Соцфонддун кирешеси 58 млрд 177,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 413 млн сомго көп.

“2024-жылдын 6 айында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 37 млрд 180 млн сомду түзүп, бул пландык тапшырмадан 114,2%га көп чогулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 117,6%га көбөйгөн. Башка кирешелер боюнча айтсак, туумдардан, айыптардан, пайыздардан жана дивиденддерден 877,8 млн сом алынып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 420,8 млн сомго өстү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий