• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк банк Жалал-Абад облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө $30 млн бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жылы Жалал-Абад облусуна Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 30 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүнөт. Ал аймактагы айыл чарбасын жана фермердик багытты өнүктүрүүгө жумшалмакчы. Азыркы учурда долбоорду бюджеттик пландоо жумуштары жүрүп жатат. Каражат басымдуу төрт багытка бөлүнүп, сүт өндүрүү, асыл тукум мал чарбачылыгы, багбанчылык жана үрөн чарбаларды колдоого жумшалмакчы.

Ыйгарым укуктуу өкүл буга чейин да Жалал-Абад облусунда Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылганын айтты. Облус башчысы бөлүнүүчү каражатты натыйжалуу пайдалануу, дыйкан жана мал чарбачылыгында сапатты жогорулатууга кызыкдар экенин белгилеп, калк арасында түшүндүрүү иштери колго алынаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий