Жыл соңуна чейин Бишкектин 23 чакырымдан ашуун жолу оңдолот – Жамалбек Ырсалиев

Коом 0


Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жолдорду оңдоо иши кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта шаар боюнча алты көчө оңдолуп жатат.

Калаа башчысынын орун басары Жамалбек Ырсалиев июнь айынын соңуна чейин Байтик баатыр көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери бүткөрүлүп, колдонууга берилерин, ал эми жыл соңуна чейин жалпы 23 чакырымдан ашуун жол жасаларын билдирди.

Мэрия жолдорду оңдоого байланыштуу жаралган ыңгайсыздык үчүн айдоочуларды жана шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алууга чакырат .

Пикир

Оставить комментарий