• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Жыл соңуна чейин жол тармагына 453 техника келет

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Жыл соңуна чейин жол тармагына 453 техника келет. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүндө билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына чейин 453 даана техника алып келинет, аларды пайдаланууга беребиз", - деди министр.

Белгилей кетсек, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана эл өкүлдөрү катышты.
Көргөзмөдө атамекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукцияларынын түрү коюлду.

Пикир

Оставить комментарий