• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жылдын мыкты мугалими: Мен ар бир окуучунун кызыгуусуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылууга далалат жасайм

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Мен ар бир окуучунун кызыгуусуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылууга далалат жасайм. Бул тууралуу “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жеңүүчүсү Назгүл Каныбекова билдирди.

Бүгүн “Ынтымак Ордо” резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга батирдин жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Баш байгени ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мектепте сынакта жеңип чыгуу үчүн гана иштебестигин белгиледи.

“Мугалим болуу күн сайын 40-50 окуучунун алдында сынак тапшыруу менен барабар. Мына ушул топтолгон эмгектин баары жеңишке алып келди деп ойлойм. Мен университетти аяктагандан кийин эле мугалим болуп иштей баштадым. 10 жылдык иш тажрыйбам бар. Башка мугалимдерден эмнем менен айырмаланып турам деп сурадыңыздар, менин алардан эч кандай айырмачылыгым бар деп айта албайм. Ар бир окуучунун кызыгуусуна, талантына карап мамиле жасайм, анткени ар бир окуучуну математикага кызыктыруу мүмкүн эмес. Мисалы, мен сабакка бүт класска эмес, ар бир окуучуга даярданам. Ар бир окуучу менин көз алдымда турат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий