• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Тизме

Билим 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү деп табылды.

- Баш байге – “Жылдын мыкты мугалими” - Каныбекова Назгүл Каныбековна;
- Мыкты башталгыч класстардын мугалими - Балтабаева Гүлнур Маматовна;
- Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна;
- Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим;
- Мыкты математика мугалими – Жумукова Бүбүайша Жусуповна;
- Мыкты тарых мугалими – Заидов Азирет Манасович;
- Мыкты чет тил мугалими – Калтаева Чолпон Иманбековна;
- Мыкты география мугалими – Марат уулу Нуристан;
- “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалими – Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна;
- Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Байдалиев Мирзат Шаяхмедович.

Иш-чара Кара- Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий