Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Бакашова Жылдыз Кемеловна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жылдыз Бакашова КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
05/05/21 17:43 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий