• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жылдыз Полотова Эмгек министрлиги үчүн биринчи орунда турган милдеттерди белгиледи

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова күн мурун аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен жалпы республикалык жыйын өткөрүп, анда калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди койду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында Жылдыз Полотова биринчи кезектеги милдетин ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу маселелерин белгиледи.

"Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен жылдын аягына чейин 250 миң жумуш орду түзүлөт, анын ичинен 38 миңи Эмгек министрлиги аркылуу түзүлөт. Жумушсуз жарандарга жумушка орношууга жардам берүү үчүн 1899 "ишеним телефону" иштей баштады, анда ар бир адам өлкө, облус, өз району боюнча бош жумуш орундар жөнүндө биле алат.

Курулуш, тигүү жана башка тармактарда квалификациялуу жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты билүү менен мектеп окуучулары жана жаштар боюнча кесипке багыт берүү ишин күчөтүү, жумуш издегендерди кесиптик окутууга, квалификациясын жогорулатууга активдүү багыттоо маанилүү", - деди ал.

Министр "социалдык контракт" программасын жана жаштар стажировкаларын сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды, алардын алкагында 26 миң адам жумуш менен камсыз болот, ошондой эле кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө миграция чөйрөсүндөгү биринчи кезектеги милдеттер, атап айтканда, башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, жөлөкпулдарды дайындоодо даректүүлүгүн жогорулатуу, майыптуулук, республикалык-протездик ортопедиялык мекемесин модернизациялоо, МСЭК маселелери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий