Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Исакулов Жылдызбек Абдилахатович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Пикир
Оставить комментарий