Зиядин Жамалдинов БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-март күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы БУУӨП менен кызматташууга, долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

“Алдыбызда облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча көп милдеттер турат. Биз мыйзам чегинде колубуздан келген колдоону көргөзүп, элдерге шарт түзүп беришибиз керек. Сиздер менен биргеликте мындан ары да облустун алкагында кызматташууну улантууга ынтызарбыз. Эки жактын ресурстарын экономиканын өсүшүнө салым кошуу үчүн туура жана пайдалуу колдонушубуз керек.Биз кызматташууга ар дайым даярбыз!”, - деди Зиядин Жамалдинов

Ал эми Луиз Чемберлен Ош облусундагы бардык райондун мекемелери менен 5 жылдык план түзүлгөнүн, Апрель айында жаштарды колдоо жана экономикалык жактан өнүгүшү үчүн колдоо көрсөтүүчү долбоор, социалдык маселелер, жумушсуздук боюнча бир нече иштерди пландалып жатканын билдирип. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү, билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагы боюнча долбоорлорду аткарууну пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий