• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында эл каттоого пландуу даярдыктар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды көрүү жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн тиешелүү комиссиянын отуруму өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкадай, анда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине бул багытта тапшырлар берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эл каттоого даярдык көрүүнүн алкагында шаардын административдик-аймактык чек аралары такталып, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы имарат, байланыш каражаттары, керектүү жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан калктуу конуштардагы көчөлөрдүн аты жазылган табличкалар жана номер белгилери менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү. 2021-жылы 9 448 даана көчөлөрдүн аты жазылган тактайча, 38 942 даана үй номери жазылган тактайчалар жаңы даярдалып, шаар көчөлөрүнө илинген. Бул жылы да 831 даана тактайча, 3 381 даана номер белгилерин орнотуу иштери улантылат.

Эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүгө 22 координатор, 113 инструктор-контролер, 1 079 каттоочу тартылып, 14-19-март күндөрү каттоочулар үчүн окутуу уюштуруу пландалууда.

Жыйында эл каттоонун маанилүүлүгүн эске алып, бул маселе боюнча коюлган милдеттерди, тапшырмаларды өз убагында так аткарбаган кызматтарга тийиштүү чаралар көрүлө турганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий